Компания тууралуу

SRT Group компаниясы 2000-жылдын 7-ноябрында түзүлгөн. Негиздүүлүк жана бизнеске перспективалуу мамиле кылуу компанияга Кыргызстандын рыногунда лидерлик орундардын бирин ээлөө мүмкүнчүлүгүн берди.

Биз MARS Wrigley, Henkel, Colgate-Palmolive, Nivea, L'oreal, Reckitt Benckizer, Essity, Bunge, Gallina Blanca, Frima, Витекс, Ahmad Tea, Ergopack, Borjomi, Samyang, Pamir, Schwarzkopf Professional, Schwarzkopf, Wella, Johnson's, Arvitex, Lotte Rakhat жана Royal Сanin компанияларынын Кыргызстандагы расмий дистрибьюторубуз. Жыл өткөн сайын Компаниянын портфели дүйнөлүк белгилүү бренддер менен толукталып келет. Биз жеткирүүчү компаниялардын өндүрүмүнүн бүтүндөй ассортиментин сатып алуучуларга жана акыркы керектөөчүлөргө жеткирип беребиз.
24 жыл
Дистрибуция рыногунда
pic
Кыргызстанды биздин филиалдар менен 100% жабуу
pic

6800 соода түйүнүнүн активдүү кардарлар базасы

Кыргызстандан тышкары, биз Монголияда бренддердин дистрибьютору болуп саналабыз жана MARS Wrigley, Henkel, Henkel Central Asia & Caucasus (Момент, Церезит), OLA! Ergopack, Beluga Group, Bacardi Limited (Grey Goose), Beamsuntory, Edrington, Tito's, Yoshono, Chipster's, Русагро, Dallmayr сыяктуу жеткирүүчүлөр менен кызматташабыз.
14
ири өндүрүүчүлөр
Бүгүнкү күндө компания 14 ири өндүрүүчүлөрдүн өндүрүмү менен иштейт
6000
аталыштагы товар
Туруктуу ассортиментте 6000ден ашык аталыштагы ар кандай товарлар бар
1300
адам иштейт
Компаниянын жамааты 1300дөн ашык адамдан турат

Биздин артыкчылыктар

pic
Сатуулар жана дистрибуция  бөлүмү

Кесипкөй кызматкерлер бардык каналдар боюнча сатууларды жүргүзүшөт, мында ар бир өнөктөштүн сатуу жеке өзгөчөлүктөрүн эске алабыз жана ийкемдүү жана максималдуу натыйжалуу түзүмдү түзөбүз

pic
Логистика

Ар кандай жүк көтөрүмдүүлүккө ээ болгон унаалардын жеке паркы чакан соода түйүндөрүнө дагы, дүң кардарларга жана супермаркеттерге дагы товарды тез жана ишенимдүү жеткирүүгө шарт түзөт.

pic
Маркетинг жана аналитика

Товардык категорияларды үзгүлтүксүз талдоо, ошондой эле маркетинг программаларынын натыйжалуулугу кызматкерлердин эксперттик деңгээлин сактоого шарт түзөт. Промо иш-чараларды ишке киргизүү атаандаштар арасында лидерлик позицияны сактоо мүмкүнчүлүгүн берет

pic
Кампа жайлары

12 миң чарчы метрден ашык кампа жайлары бар, алардын ар бири кирүүчү темир жолго ээ. Бул жетиштүү өлчөмдө товардык көлөмдү сактоо жана жеткирип берүүгө байланыштуу кыйынчылыктардан алыс болуу мүмкүнчүлүгүн берет.

pic
SRT академия

Кызматкерлер үчүн ар кандай тренингдер жана квалификацияны жогорулатуу үчүн иш-чаралар тынымсыз өткөрүлүп турат. Жамааттын ынтымагын бекемдеген, майрамдык жана корпоративдик иш-чаралар салтка айланды. Биздин компаниянын топ менеджерлери жогорку кесиптик деңгээл жана иштеги шыктануу - "SRT Group" компаниясынын ийгилигинин кепили экенин түшүнүү менен,  ар бир кызматкерге өзгөчө көңүл бурушат.

pic
«Бизнес процесстерди башкарууну автоматташтыруу»

Ишти оптималдаштыруу үчүн биздин компания моделдөө жана бизнес-процесстерди аткарууну оптималдаштыруу системасын пайдаланат. Бүгүнкү күндө биз төмөнкүдөй программаларды активдүү пайдаланабыз: Power BI, Ispring Learn, Optimum, 1С ERP – 2021-жылы киргизүү баскычында турат.

pic
«Финансовый менеджмент»

Финансылык бөлүмдү модернизациялоо жана автоматташтырылган системаны пайдалануу компанияны мамлекет, өнөктөштөр жана кызматкерлер менен өз ара аракеттенүүдө заманбап жана туура эсептөөлөр менен камсыздайт.

pic
SRT Market

Биздин компаниянын өнүмдөрү менен онлайн тиркемесинин болушу чекене соода түйүндөрүнүн ээлери үчүн жеткиликтүү жана SRT Groupтун бардык ассортиментин сатуу үчүн кошумча ресурс болуп саналат. көбүрөөк маалымат

Кардарлар үчүн жеке шарттар

Кардарларды тейлөөнүн жогорку деңгээли
Мобилдик тиркеме аркылуу өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана өтүнмөлөрдү көз ирмемде иштеп чыгуу
Ар бир кардарга ийкемдүү мамиле кылуу – маркетингдин активдүүлүгү, өкүлчүлүк кредиттери
BI программасынын жардамы менен бизнес-аналитика

Башка ишмердүүлүк чөйрөлөрү

Ramada by Wyndham Bishkek Centre —4 жылдыздуу Ramada by Wyndham Bishkek Central отели бүткүл дүйнөлүк белгилүү Ramada by Wyndham эл аралык тармагына кирет. Көбүрөөк маалымат
Гриль бар The Addressбул стилдүү жана жайлуу интерьер, ошондой эле укмуштуудай даамдуу ашкана жана жылуу атмосфера бул жерге кайра-кайра кайтып келүү ниетин жаратат.Көбүрөөк маалымат
«Key Distribution Company»2010-жылдын октябрынан бери - Дирол Кэдбери (Дирол, Холлс, Виспа, Пикник, Кэдбэри Фрут энд Нат, Кэдбери Хол Нат, Кэдбэри Роуст Алмонд) компаниясынын Кыргызстандагы расмий дистрибьютору.Көбүрөөк маалымат