Өнөктөштөр үчүн

«SRT Group» компаниясы 2000-жылдан баштап Кыргызстандын аймагында дистрибуция жаатында ийгиликтүү иш жүргүзүп келет. Активдүү өнүгүүгө умтулуу, процесстерди автоматташтыруу жана жеке инфраструктураны түзүүгө инвестиция салуу финансылык туруктуулуктун жогорку деңгээлин сактап, Компанияны бизнес процесстердин ийкемдүүлүгү менен камсыздайт. Өнөктөштөр менен болгон мамилелердеги натыйжалуулук жана айкындуулук жогорку биргелешкен жыйынтыктарга жетүүгө – 20 жыл аралыгында рынокто лидерлик позицияны сактап турууга мүмкүнчүлүк  берди.
«SRT Group» компаниясы тамак-аш азыктарын, тиричилик химиясын, денеге кам көрүү боюнча товарларды, өздүк гигиена жана косметика каражаттарын бардык сатуу каналдары үчүн дистрибуциялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектрин камсыздайт.

Коммерциялык сунушту ТИРКӨӨ

Биз өз ара пайдалуу шарттарда узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилеге жана кызматташтыктын ар түрдүү багыттарын карап чыгууга даярбыз.

Эмне себептен биз

pic
Сатуулар жана дистрибуция  бөлүмү

Кесипкөй кызматкерлер бардык каналдар боюнча сатууларды жүргүзүшөт, мында ар бир өнөктөштүн сатуу жеке өзгөчөлүктөрүн эске алабыз жана ийкемдүү жана максималдуу натыйжалуу түзүмдү түзөбүз.

pic
Логистика

Ар кандай жүк көтөрүмдүүлүккө ээ болгон унаалардын жеке паркы чакан соода түйүндөрүнө дагы, дүң кардарларга жана супермаркеттерге дагы товарды тез жана ишенимдүү жеткирүүгө шарт түзөт.

pic
Маркетинг жана аналитика

Товардык категорияларды үзгүлтүксүз талдоо, ошондой эле маркетинг программаларынын натыйжалуулугу кызматкерлердин эксперттик деңгээлин сактоого шарт түзөт. Промо иш-чараларды ишке киргизүү атаандаштар арасында лидерлик позицияны сактоо мүмкүнчүлүгүн берет.

pic
Кампа жайлары

12 миң чарчы метрден ашык кампа жайлары бар, алардын ар бири кирүүчү темир жолго ээ. Бул жетиштүү өлчөмдө товардык көлөмдү сактоо жана жеткирип берүүгө байланыштуу кыйынчылыктардан алыс болуу мүмкүнчүлүгүн берет.

pic
SRT академия

Кызматкерлер үчүн ар кандай тренингдер жана квалификацияны жогорулатуу үчүн иш-чаралар тынымсыз өткөрүлүп турат. Жамааттын ынтымагын бекемдеген, майрамдык жана корпоративдик иш-чаралар салтка айланды. Биздин компаниянын топ менеджерлери жогорку кесиптик деңгээл жана иштеги шыктануу - "SRT Group" компаниясынын ийгилигинин кепили экенин түшүнүү менен,  ар бир кызматкерге өзгөчө көңүл бурушат.

pic
«Бизнес процесстерди башкарууну автоматташтыруу»
Ишти оптималдаштыруу үчүн биздин компания моделдөө жана бизнес-процесстерди аткарууну оптималдаштыруу системасын пайдаланат. Бүгүнкү күндө биз төмөнкүдөй программаларды активдүү пайдаланабыз: Power BI, Ispring Learn, Optimum, 1С ERP – 2021-жылы киргизүү баскычында турат.
pic
«Финансылык менеджмент»

Финансылык бөлүмдү модернизациялоо жана автоматташтырылган системаны пайдалануу компанияны мамлекет, өнөктөштөр жана кызматкерлер менен өз ара аракеттенүүдө заманбап жана туура эсептөөлөр менен камсыздайт.

pic
Интернет дүкөн
Биздин компаниянын өндүрүмү бар интернет дүкөндүн болушу бардык керектөөчү үчүн жеткиликтүү жана SRT Group бүтүндөй ассортиментин сатуу үчүн кошумча ресурс берет ww.market.srt.kg